2019-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Башкы консулу Руслан Бийбосунов Свердлов облусунун Адам укугу боюнча Ыйгарым укуктуу ѳкүлү Татьяна Мерзлякова менен жолугушту.

3591

2019-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Башкы консулу Руслан Бийбосунов Свердлов облусунун Адам укугу боюнча Ыйгарым укуктуу ѳкүлү Татьяна Мерзлякова менен жолугушту.

Жолугушууда Свердлов облусунда жүргѳн мекендештердин эмгек жана социалдык укугун коргоо боюнча маектешип, алардын жашаган жери боюнча каттого турууда, эмгек келишимдерин түзүүдѳ, айлык маяна алууда башынан ѳткѳрүп жаткан кѳйгѳйлѳрү, ошондой эле милдеттүү медициналык камсыздоо полисин алууга байланыштуу маселелер талкууланды.

Мындан тышкары,  Башкы консул Чет ѳлкѳлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайдагы кыргызстандыктарга карата чыгарылчу мекенине кайтуу жѳнүндѳ чечимдеринин аткарылышы узак мѳѳнѳткѳ созулган учурлар кездешээрин айтып ѳттү.

Башкы консул Т. Мерзляковага Свердлов облусунда жүргѳн Кыргызстандын жарандарынын укугун коргоо боюнча кѳп жылдык кызматташуусу жана кѳмѳк кѳрсѳтүүсү үчүн ыраазычылык билдирди.

Т. Мерзлякова Башкы консулдун ишине ийгилик каалап, мындан аркы жемиштүү кызматташууга жана кызыктыруучу суроолор боюнча кѳмѳк кѳрсѳтүүгѳ даярдыгын билдирди.

Аталган жолугушууга Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын коомдук жардамчысы Жыргалбек Белеков  дагы катышты.

 

  • 2019-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Башкы консулу Руслан Бийбосунов Свердлов облусунун Адам укугу боюнча Ыйгарым укуктуу ѳкүлү Татьяна Мерзлякова менен жолугушту.
  • 2019-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Башкы консулу Руслан Бийбосунов Свердлов облусунун Адам укугу боюнча Ыйгарым укуктуу ѳкүлү Татьяна Мерзлякова менен жолугушту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK