Кыргыз Республикасынын жарандарын тейлөө шартын жакшыртуу тууралуу

3776

Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы башкы консулдугунун Кыргызстандын жарандарына консулдук тейлөө кызмат көрсөтүү шартын жакшыртуу максатында, жарандарды кабыл алуу боюнча бөлмөнү кайра жабдуу жүргүзүлдү. Айнек тосмолору менен бөлүнгөн, кошумча терезе ачылып, жаңы, көп функционалдуу, авто жооп бергичи менен телефон номеринен маалыматтарды эки тилде – мамлекеттик жана расмий тилде алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.  Ошондой эле, жарандарды кабыл алуу бөлмөсүндө жарандардын ыңгайы үчүн консулдук тейлөөгө жеринен төлөө үчүн публикалык акционердик коомунун ПАК “Сбербанкынын” төлөм терминалы орнотулган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK