Кыргызстандын жарандары Екатеринбургдан Бишкеке кайтып келишти

3380

2020-жылдын 14-июлунда Екатеринбург шаарынан Бишкек шаарына  “Авиатраффик” чартердик рейси менен 186 кыргызстандык, анын ичинде жаш балдар да, Мекенине кайтып келишти.

Авиарейс КР Президенти жана КР Өкмөтүнүн тапшырмасы менен жана дүйнөдөгү коронавирустук пандемиядан улам эл аралык жүргүнчүлөр авабайланышы токтотулуп, чек аралар убактылуу жабылгандыгына байланыштуу чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын Мекенине кайтаруу боюнча иштин алкагында жүзөгө ашырылды.

Бул рейс менен Ошко Урал федералдык округунда окуган студенттер, Екатеринбург, Челябинск, Тюмень, Сургут, Новый Уренгой, Салехард, Курган, Ноябрьск жана Пермь шаарларынан Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө өтө муктаж болгон (ар кандай дартка чалдыккандар, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер, улгайган адамдар, кош бойлуу аялдар, жана кичинекей балдары бар энелер, ошондой эле оор турмуштук кырдаалга туш болгондор) жарандар келишти.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси жарандардын кайрылууларын, ошондой эле Урал федералдык окуругунун региондору менен шаарларындагы кыргыз диаспоралык уюмдардын жетекчилеринин сунуштарын эске алып, андан тышкары буга чейин эпидемиологиялык кырдаалдан улам жүзөгө ашырылбай калган “Авиатраффик” авиакомпаниясынан сатып алган билеттери бар экендигине жараша түзүлгөн. 

Кайрылуулардын көп болгонунан улам 2020-жылдын 4-июлунда КР Башкы консулдугу тарабынан Екатеринбург шаарында Свердлов облусунун кыргыз коомдук диаспоралык уюмдарынын лидерлери жана активисттери менен биргеликте Урал федералдык окуругунда жүргөн жана Мекенине кайтууга өтө муктаж болгон адамарды аныктоо боюнча Убактылуу жумушчу топ түзүлгөн.  

Убактылуу жумушчу топ Кыргызстанга кетүүнү каалаган адамдардын тизмесин карап чыгып, алардын ичинен кетүүгө өтө муктаж болгондорун аныктап чыккан.

Ошондой эле курамына практик дарыгерлер кирген Жумушчу топ документтерди (кош бойлуулукту тастыктаган жана жана учууга уруксат берген медициналык мекемелердин маалымдамалары, жарандын ооругандыгы тууралуу медийиналык маалымдамалар) изилдеп чыккан.

Белгилей кетчү нерсе – аталган рейс менен, Мекениндеги кесиптештерине ѳз ыктыяры менен жардам берүү ниети менен кыргызстандык медицина кызматкерлери (эки дарыгер, эки фельдшер жана медайым) да кайтып келишти.

Екатеринбург шаарындагы КР Башкы консулдугу ушул рейсти жүзөгө арышууга көмөктөшкөндөрдүн бардыгына ыраазычылык билдирет.

Урал федералдык округунда жүргөн жана Мекенине кайтып келүүнү каалаган жарандарды Кыргыз Республикасына жөнөтүү боюнча иш мындан ары да улантылат.

COVID-19 пандемиясына байланыштуу чектөө киргизилген убакыттан бери Башкы консулдук Мекенине 1491 жаранды жөнөттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK