Кыргыз Республикасынын Пакистандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяевдин Кытай Эл Республикасынын Пакистандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Нонг Ронг менен жолугушуусу тууралуу

1529

Ушул жылдын 17-ноябрянда Исламабад шаарында Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Кытай Эл Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Нонг Ронг менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара кызыкчылык жараткан маселелерди, ошондой эле аймактык жана эл аралык күн тартибин, анын ичинде Ооганстандагы абалды талкуулашты.

Элчи У.Тотуяев транспорт-энергетика чөйрөсүндө мамлекеттер аралык долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга кызыкдар экенин, атап айтканда, аймактык соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кытай Эл Республикасы жана Пакистан Ислам Республикасы Өкмөттөрүнүн ортосундагы транзиттик жүк ташуу боюнча төрт тараптуу макулдашуунун алкагында өз ара аракеттенүүнү активдештирүү зарылдыгын белгиледи..

Тараптар аймактык күн тартибинин алкагында кызматташууну ар тараптуу өнүктүрүүгө багытталган эки өлкөнүн дипломатиялык миссияларынын ортосундагы байланыштарды мындан ары да улантууну макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK