Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев келе жаткан Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүн майрамдоого карата Исламабад шаарынын Соода-өнөр жай палатасы тарабынан уюштурулган салтанаттуу иш-чарага катышты.

1013

2022-жылдын 1-июнунда Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев келе жаткан Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүн майрамдоого карата Исламабад шаарынын Соода-өнөр жай палатасы тарабынан уюштурулган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Бул иш-чарага кабыл алуучу өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жана бизнес чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү жана, ошондой эле, Пакистанда аккредиттелген дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын жетекчилери катышышты. Ардактуу конок катары Пакистан Ислам Республикасынын Пландоо, өнүктүрүү жана реформалар министри А.Икбал чакырылган.

Жолугушуунун жүрүшүндө иш-чаранын катышуучулары планетадагы курчап турган чөйрөнү жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Мындан тышкары, тараптар ар бир мамлекет курчап турган чөйрөнү коргоо үчүн бардык зарыл болгон күч-аракетти жумшаш керегин белгилеп, ушуга байланыштуу экологиялык коопсуздукту камсыз кылууга багытталган ар кандай биргелешкен долбоорлорго активдүү катышууга макул болушушту.

Ошону менен бирге, иш-чаранын жүрүшүндө Пакистандын айрым университеттеринин студенттери курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы келечектүү технологияларды жана методикаларды көрсөткөн долбоорлорду тартуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK