Пакистандан жуз кыргыз жараны Кыргызстанга учуп кетти

4133

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун Кыргызстандын жарандарын алып келүү боюнча тапшырмасына ылайык, Пакистандан авиа кыймылын жүргүзүүгө тыйюу салынгандан жана чек-аралар жабылгандан соң, 2020-жылдын мартынан баштап Элчиликтин консулдук бөлүмү, КРнын Короновирустук инфекциясы мамлекеттин аймагында мындан ары жайылтуусуна каршы республикалык Штаб менен тыгыз байланышта, кыргызстандыктарга жардам берүү жана Мекенине кайтууга көмөк көрсөтүү боюнча ишин баштаган.

Бүгүн, 2020-жылдын 17-июнунда көптөн бери  күтүлүп  жаткан пакистандык авиакомпаниясынын жардамы менен Элчилике кайрылган 100 адамга Исламабад-Бишкек биринчи рейсы уюштурулдуу. Учуп кеткен жарандардын арасында: кыз-келиндер, балдар, окуучулар, улгайган жарандар, жана башка мекендештерибиз.

2020-жылдын 19-июнунда дагы 100 кыргыз жаранына, Лахор-Бишкек маршруту боюнча, экинчи рейсы уюштурулууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK