Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Пакистан Ислам Республикасынын Синд провинциясынын губернаторунун милдетин аткаруучусу Ага Сираж Дуррани менен жолугушту.

980

2022-жылдын 25-майында Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Пакистан Ислам Республикасынын Синд провинциясынын губернаторунун милдетин аткаруучусу Ага Сираж Дуррани менен жолугушту.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-пакистан кызматташтыгынын күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашты. Эки өлкөнүн ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтык, соода-сатык, инвестиция, энергетика, тоо-кен, айыл чарба жана башка тармактарды өнүктүрүү үчүн олуттуу потенциал бар экендигин белгилешти.

Элчи У.ТотуяевКыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан олуттуу саясий жана социалдык-экономикалык реформалар тууралуу Пакистан тарапка кыскача маалымат берип, Элчи У.Тотуяев региондор аралык байланыштарды чыңдоо максатында эки өлкөнүн мамлекеттик органдары менен ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн ортосунда байланыштарды түзүүнүн жана өнүктүрүүнүң маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде А.С.Дуррани пакистан тарабынын Кыргыз Республикасы менен ар тараптуу жемиштүү кызматташууга даярдыгын билдирди. Буга байланыштуу, эки өлкөнүн ортосундагы туризмди өнүктүрүү, биргелешкен ишканаларды ачуу жана эки тараптуу сооданы көбөйтүү сыяктуу жагдайларга өзгөчө көңүл бурууну сунуштады.

Ушул эле күнү Элчи У.Тотуяев “Hafiz Tannery Leather Garment Factory” булгаарыдан жасалган кийим тигүү фабрикасына барып, ошондой эле аскердик продукцияны чыгаруу, энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу, IT-технологиялар жана курулуш тармактарында иштеген “Tabani group” компаниялар тобунун Аткаруучу директору Хумза Табани менен жолугушту.

Аталган жолугушуулардын жүрүшүндө Элчи У.Тотуяев Пакистан Ислам Республикасынын бизнес-коомчулугунун өкүлдөрүн Кыргыз Республикасында бизнес жүргүзүү, ар түрдүү долбоорлорду ишке ашыруу жана өндүрүш ишканаларын ачуу перспективаларына өзгөчө көңүл бурууга чакырып, ушул сыяктуу кызматташтык мындан ары Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы мамилелердин өнүгүшүнө чоң салым кошоорун баса белгиледи.

  • Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Пакистан Ислам Республикасынын Синд провинциясынын губернаторунун милдетин аткаруучусу Ага Сираж Дуррани менен жолугушту.
  • Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Пакистан Ислам Республикасынын Синд провинциясынын губернаторунун милдетин аткаруучусу Ага Сираж Дуррани менен жолугушту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK