Э.Бейшембиев Пакистан Улуттук Ассамблеянын тарабынан Исламабадда уюштурулган:"Регионалдык интеграцияны бекемдөөдө үчүн парламенттердин ролу" аттуу конференцияга катышты.

6506

18 декабрь 2019 жылы Кыргыз Республикасынын Пакистандагы элчиси Э.Бейшембиев Пакистан Улуттук Ассамблеянын тарабынан Исламабадда уюштурулган:"Регионалдык интеграцияны бекемдөөдө үчүн парламенттердин ролу" аттуу конференцияга  катышты.

Бул иш-чара Пакистан Улуттук Ассамблеянын Спикери Асад Касер, парламент мүчөлөрү, министрликтеринин жана мекемелеринин өкүлдөрү, Кытай, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын элчилери,  эксперттер, студенттер жана массалык маалымат каражаттары өкүлдөрү катышуусу менен өттү.

Улуттук Ассамблеянын Спикери Асад Касер өз сөзүндө Кытай-Пакистан Экономикалык Коридор долбоорунун Пакистан гана эмес, бүтүндөй регион үчүн өнүктүрүү, ошондой эле Борбор Азиянын рыногуна Кыргызстан аркылуу кирүү мүмкүнчүлүктөрүн белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Элчиси Э.Бейшембиев өз сөзүндө Пакистандан Эркечтам жана Торугарт чек ара өткөрүү пункттары аркылуу  Борбор Азияга Кыргызстандын кыска унаа жолунун маанилүү ролун, Кыргызстан "Төрт тараптуу транзиттик ташуу боюнча Пакистан-Кытай-Кыргызстан-Казакстан ортосундагы келишимдин" катышуучу болгонун, ошондой эле Пакистандын Карачи менен Гвадар дениз портторуна чыгу мүмкүнчүлүктөрүн баса белгилеп, Борбор Азиянын, ЕАЭБ жана ЕБ рынокторго буюмдарын экспорттоо максатында, Пакистандын компанияларын КРсында ишканаларын ачууну сунуштады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK