Пакистан Ислам Республикасынын Гужранвала шаарында Кыргыз Республикасы менен Пакистан Ислам Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30-жылдыгын майрамдоого арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

1071

2022-жылдын 29-июнунда Пакистан Ислам Республикасынын Гужранвала шаарында Кыргыз Республикасы менен Пакистан Ислам Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30-жылдыгын майрамдоого арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Элчилигинин демилгеси менен Гужранвала шаарынын “GIFT” университети менен биргеликте уюштурулган.

Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев өз сөзүндө мындай иш-чараларды өткөрүүнүн кыргыз-пакистан эки тараптуу мамилелери үчүн маанилүүлүгүн белгилеп, эки мамлекеттин баардык кызыкдар тараптарынын ортосунда ишенимдүү байланыштарды түзүү жана алардын макулдашылган биргелешкен ишмердүүлүгү Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жаңы деңгээлге көтөрө алат деп маалымдады. Ошону менен бирге, ал достук мамиледеги өлкөлөр ортосундагы эң келечектүү байланыштыруучу элементи болгон маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасоо керектигин белгиледи.

Иш-чаранын алкагында Кыргызстандын кооз жерлерин жана маданиятынын элементтерин көрсөткөн тематикалык фотокөргөзмө уюштурулуп, биздин мамлекеттин туристтик жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу материалдар тартууланды. “GIFT” университеттин студенттеринин арасында “Кыргызстан жана Пакистан: деталдардагы окшоштук» деген темадагы сүрөт конкурсу өткөрүлдү.

  • Пакистан Ислам Республикасынын Гужранвала шаарында Кыргыз Республикасы менен Пакистан Ислам Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30-жылдыгын майрамдоого арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK