Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Пакистандын Гужранвала шаарында жайгашкан “GIFT” университетинин Ректору Шахид Куреши менен жолугушту.

832

2022-жылдын 20-июнунда Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Пакистандын Гужранвала шаарында жайгашкан “GIFT” университетинин Ректору Шахид Куреши менен жолугушту.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыктын, өзгөчө билим берүү тармагындагы күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашты. Атап айтканда, тараптар билим берүү тармагында тажрыйба алмашуу, студенттер менен профессордук-окутуучулук курамды алмашуу программаларын ишке ашыруу, ошондой эле биргелешкен конференцияларды, семинарларды уюштуруу тармактарында биргелешкен иш алып барууга макулдашышты.

Элчи У.Тотуяев Пакистан Ислам Республикасынын билим берүү тармагынын өкүлдөрүнүн кызматташууну орнотууга болгон кызыгуусун кубаттап, бул багыттагы өз ара аракеттенүү, мамлекеттер ортосундагы бекем жана узак мөөнөттүү байланыштарды өнүктүрүүнүн негизги факторлорунун бири экендигин белгиледи.     

Тараптар Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы маданий-гуманитардык бекемдөөгө багытталган биргелешкен иштерди жүргүзүүнү макулдашышты.

  • Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Пакистандын Гужранвала шаарында жайгашкан “GIFT” университетинин Ректору Шахид Куреши менен жолугушту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK