Элчи Э.Бейшембиев Синд Өкмөтүнүн өкүлдөрү менен жолугушту

4002

2019-жылдын 14-16 май айында Карачи шаарындаКыргызстандын Элчиси Эрик Бейшембиев, ПИР Сенатынын торагасы Садык Санжрани мырза,Синд провинциясынын губернатору - Имран Исмаил мырза, ошондой эле, ПИР СОЖ Федерациясынын башчысыДароо Хан Ачакзаймырза, Карачи шаарынын Соода- Онор Жай Палатысынын башчысы Джунаид Эсмаил Макда мырза, жана ПИР Жеке-ишмерлеринин «Мемон» федерациясынын башчысы Мансур Ахмед Кадвани мырза менен жолугушту.

Жолугуштардын жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды бекемдөө жана кеңейтүү зарылдыгын, ошондой эле кыргыз жана пакистандык жеке ишкерлердин ортосундагы түздөн-түз бизнес байланыштарды түзүү зарылчылыгын белгилешти.

Андан сырткары Кыргызстандын элчилиги Пакистандын бизнес-өкүлчүлүктөрүүчүн туризм боюнча брифингин уюштурду.

Жолугушуунун журушундо Кыргызстан жана Пакистандын бүгүнкү эки тараптуу кыргыз-мамилелери, визалык жана туристик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маселелер талкууланды. Өз кезегинде, Пакистан тарабы эки өлкөнүн ортосундагы туристтик байланыштарды өнүктүрүүгө даяр экендигин тастыктады.

Элчиликтин консулу ПИР Синд провинциясында жашаган Кыргызстандын жарандарына миграциялык жана башка маселелер боюнча толук маалыматберди.

Жолугушуулар жылуу жана достук маанайда өтүштү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK