Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министринин атайын жардамчысы Шейх Шах Мухаммад Овайс Нурани Сиддики менен жолугушту.

610

2022-жылдын 11-ноябрында Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министринин атайын жардамчысы Шейх Шах Мухаммад Овайс Нурани Сиддики менен жолугушту.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө маектештер эки тарапты кызыктырган бир катар маселелер, анын ичинде аймактык жана эл аралык күн тартиби, ошондой эле Ооганстандагы кырдаал боюнча пикир алмашышты. Атап айтканда, мамлекеттер аралык соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоо максатында өз ара байланыштарды өнүктүрүүнүн жана биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.

Тараптар бирдиктүү дин жана жалпы тарыхый мурас региондогу элдерин бириктирүүчү элемент болгондугун белгилеп, мындан аркы ар тараптуу өнүгүүнүн негизи боло алаарын макулдашышты.

Элчи У.Тотуяев Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы олуттуу тарыхый, маданий жана диний жакындыкты белгилеп, өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүүгө, экономикалык кызматташтыкты арттырууга, маданиятты жайылтууга, билим берүү жана илим тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган эки тараптуу демилгелерди илгерилетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ушуга байланыштуу ал Пакистан тарабына биргелешкен долбоорлорду, анын ичинде CASA-1000 энергетикалык долбоорун ишке ашыруунун, ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун келишимдик-укуктук базасын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде Ш.Сиддики Пакистандын боордош өлкөлөр менен болгон ар тараптуу кызматташтыкты сактоого жана өнүктүрүүгө умтулуусун белгиледи. Жогоруда айтылгандарды эске алып, биргелешкен демилгелерди жана долбоорлорду ишке ашырууга ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

  • Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министринин атайын жардамчысы Шейх Шах Мухаммад Овайс Нурани Сиддики менен жолугушту.
  • Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министринин атайын жардамчысы Шейх Шах Мухаммад Овайс Нурани Сиддики менен жолугушту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK