Кыргыз Республикасынын Пакистандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси У.Тотуяевдин Пакистандын Баалуу кагаздар жана биржалар боюнча комиссиясынын төрагасы А.Саед менен жолугушуусу тууралуу

31

2023-жылдын 4-майында Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Пакистан Ислам Республикасынын Баалуу кагаздар жана биржалар боюнча комиссиясынын төрагасы Акиф Саед менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар биржаларды өнүктүрүү жана бизнести колдоо жаатында кыргыз-пакистан кызматташтыгынын келечегин талкуулашты.

Элчи У.Тотуяев кыргыз тарабынын Пакистандын фондулук биржалары менен кызматташууну түзүүгө кызыкдар экенин билдирип, бул эки тараптуу сооданы көбөйтүүгө жана биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө жакшы мүмкүнчүлүк болоорун белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында маектештер каржы рыноктору чөйрөсүндө компетенттүү органдардын ортосундагы кызматташуу боюнча документтерге кол коюу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK