Кыргыз Республикасынын Пакистандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси У.Тотуяевдин Пакистандын Дары-дармектерди жөнгө салуучу башкармалыгынын башкы аткаруучу директору А.Рауф менен жолугушуусу тууралуу
2023-жылдын 4-майында Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Пакистандын Дары-дармектерди жөнгө салуу башкармалыгынын башкы аткаруучу директору Асим Рауф менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар дүйнөлүк дары-дармектер рыногундагы кырдаал боюнча пикир алмашышты. Фармацевтикалык коопсуздукту камсыздоо үчүн күч-аракеттерди бириктирүү зарылчылыгын белгилешти.
Элчи У.Тотуяев кыргыз тарабы Кыргызстанда фармацевтикалык өндүрүштү локалдаштырууга кызыкдар экенин баса белгиледи.
Маектештер фармацевтикалык продукциянын ар кандай түрлөрүнүн өз ара экспорт-импорттоону кеңейтүүгө багытталган биргелешкен иш алып баруу жөнүндө макулдашууга жетишишти.