Кыргыз Республикасынын Пакистандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси У.Тотуяевдин Пакистандын Премьер-министринин спорт жана туризм боюнча федералдык министринин даражасындагы кеңешчиси А.Чаудри менен жолугушуусу тууралуу
2023-жылдын 4-майында Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Пакистандын Премьер-министринин спорт жана туризм боюнча федералдык министринин даражасындагы кеңешчиси Аун Чаудри менен жолугушту.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар маданият, спорт жана туризм тармагындагы кыргыз-пакистан кызматташтыгынын күн тартибиндеги эң актуалдуу маселелерине токтолушту. Жогоруда аталган багыттар улуттар аралык байланыштарды чыңдоонун ачкычы экендигин белгилешти.
Элчи У.Тотуяев Пакистан жагын эки тараптуу жана регион аралык спорттук иш-чараларды өткөрүү боюнча жигердүү кызматташууга чакырды. Кыргызстандын да, Пакистандын да олуттуу туристикалык потенциалын эске алуу менен туристтердин өз ара агымын көбөйтүү зарылчылыгын белгиледи.