Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Пакистан Ислам Республикасынын Тышкы иштер министри Билавал Бхутто Зардари менен жолугушту

44

2023-жылдын 5-майында Панажи шаарында ШКУга мүчө-өлкөлөрдүн Тышкы иштер министрлер Кеңешинин жыйынына катышуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Пакистан Ислам Республикасынын Тышкы иштер министри Билавал Бхутто Зардари менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле аймактык коопсуздук жана кызматташтык маселелерин талкуулашты.

Министр Ж.Кулубаев Пакистандын Тышкы иштер министри Б.Зардаринин үстүбүздөгү жылдын июнь айында Кыргыз Республикасына боло турган расмий сапары кыргыз-пакистан мамилелеринин деңгээлин көтөрүүгө салым кошот деген ишеничин билдирди. Тараптар билим берүү, энергетика, фармацевтика жана текстилдик өнөр жай тармактарында кызматташууну өнүктүрүү үчүн өз ара жагымдуу шарттарды түзүүдө кийинки жыйыны 2023-жылы өткөрүлө турган соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча комиссиянын ишмердүүлүгүн жандандырууну макулдашышты. 

Ошондой эле тараптар Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы саясий мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берип, жогорку деңгээлдеги сапарлар менен алмашуу маселелерин талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK