Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Маданият күндөрүнүн алкагында Кыргызстандын Конституциясына 30-жылдык мааракесине карата жана Кыргызстандын Эл жазуучусу Ч.Т.Айтматовдун 95 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

44

2023-жылдын 10-майында Гилгит шаарындагы «Каракорум» Эл аралык университетинде Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Маданият күндөрүнүн алкагында Кыргызстандын Конституциясына 30-жылдык мааракесине  жана Кыргызстандын Эл жазуучусу Ч.Т.Айтматовдун 95 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарага илимий жана ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрү, 300дөн ашык пакистандык студенттер, Пакистанда жашаган этникалык кыргыздар, ошондой эле КРнын Улуттук илимдер академиясынын профессору, тарыхчылары, археологдору, этнографтар, манасчылар, сүрөтчүлөр, Кыргыз Республикасынын бизнес жана туризм тармагынын өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын коноктору жана катышуучулары үчүн манасчы, дастанчы, комузчулардын катышуусу менен концерт уюштурулду.

Иш сапардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын тарыхчылары этникалык кыргыздардын (Пакистандын Гилгит-Балтистан провинциясынын Иммит айылында жашаган Жаныбек казынын түздөн-түз урпактары) тарыхын жана жашоосун изилдөө иштерин жүргүзүштү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK