Кыргызстандын Пакистандагы Элчиси У.Тотуяевдин “ISE Tower REIT Management Company Limited” компаниясынын төрагасы З.Л.Хан менен жолугушуусу тууралуу

95

2023-жылдын 16-майында Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяевдин "ISE Tower REIT Management Company Limited” (мурдагы Исламабад фондулук биржасы) компаниясынын төрагасы Захид Латиф Хан менен жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар каржы институттарынын, атап айтканда, Кыргызстан менен Пакистандын фондулук биржаларынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн келечеги тууралуу пикир алмашышты..

Элчи У.Тотуяев баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу механизмдери жана алдыңкы чечимдери боюнча тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Биргелешкен иштер эки өлкөнүн бизнес түзүмдөрүнүн экономикалык мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымдуулук деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзөөрүн айтып өттү.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташуунун багыттарын аныктоо үчүн жакынкы арада Кыргызстан менен Пакистандын фондулук биржаларынын ортосунда видеоконференц байланыш жолугушуу өткөрүүнү макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK