Кыргызстандын Пакистандагы Элчиси У.Тотуяевдин Пакистандын Премьер-министринин коммерция жана өнөр жай боюнча координатору Р.И.А.Хан менен жолугушуусу тууралуу

85

2023-жылдын 17-майында Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министринин коммерция жана өнөр жай боюнча координатору Рана Ихсан Афзал Хан менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-пакистан эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, анын ичинде ар кандай деңгээлдеги эки тараптуу иш сапарларды даярдоо, быйылкы жылы Соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча Кыргыз-Пакистан өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынын өткөрүү, ошондой эле соода-экономикалык чөйрөсүндөгү кызматташтыкты тереңдетүү боюнча пикир алмашышты.

Эки тараптуу сооданы өнүктүрүү контекстинде тараптар үзгүлтүксүз аба каттамдар жана жер транспортун колдонуу аркылуу натыйжалуу соода жолдорун түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Р.И.А.Хан түзүлгөн пландарды жана демилгелерди ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн жана анын ичинде, эки тараптуу документтерди кол коюуга даярдоо үчүн зарыл болгон жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK