Кыргызстандын Пакистандагы Элчилигинин колдоосунун астында Мас-рестлинг боюнча 6-Улуттук чемпионаты тууралуу

104

2023-жылдын 3-4-июнунда Гужранвала шаарында Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Элчилигинин колдоосунун астында, Пакистандын Мас-рестлинг федерациясы, “WAPDA Town Society” коому жана Гужранвала шаарынын бизнес-чөйрөлөрү тарабынан уюштурулган Мас-рестлинг боюнча 6-Улуттук чемпионаты өткөрүлдү. Иш-чаранын конокторунун арасында Гужранвала шаарынын комиссары Н.Х.Ширази, региондун саясатчылары жана ишкерлери болду.

Элчи У.Тотуяев өз сөзүндө мындай иш-чаралардын достук мамилени чыңдоо үчүн маанилүү экенин белгиледи. Ал жаштар арасында спортту жана сергек жашоо образын пропагандалоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Спорттук мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген 22 эркек жана аялдар командасынан 350дөн ашык спортчу катышып, ар кандай салмак категорияларында күч сынашкан. Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктар тапшырылды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK