Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Пакистан Ислам Республикасында жашаган этникалык кыргыздарга Кыргыз Республикасынын Жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн 2023-2024-окуу жылына 5 бюджеттик орун бөлгөн.

96

2003-жылдын 25-мартындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин №102 «Чет мамлекеттерде жашаган мекендештерге билим берүү жана улуттук маданият жагынан колдоо көрсөтүү чаралары жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу максатында, 2003-жылдын 3-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №752 токтому менен 2023-2024-окуу жылына карата Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Пакистан Ислам Республикасында жашаган этникалык кыргыздарга Кыргыз Республикасынын Жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн 5 бюджеттик орун бөлгөн (Университеттердин жана адистиктердин тизмеси тиркелет).

2023-жылдын 21-июнунан баштап Кыргыз Республикасынын Жогорку окуу жайларына, бөлүнгөн квоталардын чегинде, тиешелүү документтер онлайн http://student.edu.gov.kg/ расмий сайтынын «Пакистан Ислам Республикасы» бөлүмү аркылуу кабыл алынат. 2022-2023-окуу жылына Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына чет өлкөдө жашаган этникалык кыргыздарга тиешелүү документтерди 2023-жылдын 21-июлунда саат 23:59га чейин талап кылынган тилкелерди толтуруп, бардык керектүү документтерди жүктөө керек.

Керектүү документтер:

1. Паспорттун же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү (паспорт жок болгон учурда), орус же кыргыз тилдерине которулган, нотариалдык ырасталган.

2. Билими тууралуу документ (аттестат же диплом) орус же кыргыз тилине которулган тиркемеси менен, нотариалдык ырасталган.

3. Үй-бүлөнүн курамы жөнүндө (справка) маалымат.

4. Талапкерлердин академиялык тармактагы жетишкендиктерин тастыктаган сертификаттар, каттар, дипломдор (бар болсо).

5. Медициналык справка 086-у.

6. ВИЧ/СПИД жок экендиги жөнүндө күбөлүк.

         

2023-2024-окуу жылына Пакистан Ислам Республикасында жашаган

этникалык кыргыздарды Кыргыз Республикасынын

Жогорку окуу жайларына кабыл алуу боюнча

университеттердин жана адистиктердин тизмеси

Жогорку окуу жайлары

Шифры

Адистиктер

Орун

К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети

531000

Филология

1

И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы

560001

Дарылоо иши

1

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

510300

Маалымат технологиялары

1

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети

550300

Филология

1

Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети.

550600

Көркөм билими

1

Бардыгы:

5

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK