Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Элчиси У.А.Тотуяевдин Пакистан Ислам Республикасынын Экономикалык иштер боюнча министрлигинин катчысы К.Нияз менен жолугушуусу тууралуу
2023-жылдын 6-сентябрында Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Пакистан Ислам Республикасынын Экономикалык иштер боюнча министрлигинин катчысы Казим Нияз менен жолугушту.
Тараптар өлкөлөр ортосундагы соода-инвестициялык кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечегине токтолушту. Атап айтканда, жакынкы келечекте Соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-пакистан өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынын, ошондой эле анын алкагында эки мамлекеттин ишкерлеринин ортосундагы жолугушууларды уюштуруу үчүн баардык күч-аракеттерди жумшоону макулдашышты.
Элчи У.Тотуяев өлкөлөр ортосундагы ишкердик байланыштардын өнүгүүсү жана өз ара сооданын көлөмүнүн өсүшү сыяктуу позитивдүү тенденциясын белгилеп, соода-экономикалык кызматташтык механизмдеринин алкагында активдүү өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн айтып өттү.