Кыргызстандын Пакистандагы Элчиси У.Тотуяевдин Пакистандын ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушуусу тууралуу

97

2023-жылдын 11-сентябрында Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяевдин Пакистан Ислам Республикасынын Бизнесмендер Ассоциациясынын “Глобал Бизнес Альянс” мүчөлөрү менен жолугушуусу болуп өттү.

Пакистан тарабынан “Бахрия” университетинин ректору А.Халик, ошондой эле билим берүү, туризм, курулуш, меймандостук сектору жана соода тармагында иш алып барган компаниялардын жетекчилери катышты.

Элчи У.Тотуяев жолугушуунун катышуучуларына Пакистан менен Кыргызстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын келечектүү багыттары тууралуу маалымат берди. Атап айтканда, гидроэнергетика, туризм жана тамак-аш өндүрүшү тармагындагы инвестициялык долбоорлорго өзгөчө көңүл бурулду.

Пакистан тарабынын өкүлдөрү үстүбүздөгү жылдын октябрь айында Кыргызстанга иш сапар менен баруу пландары тууралуу маалымдашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK