Кыргызстандын Пакистандагы Элчиси У.Тотуяевдин Пакистандын Тышкы иштер министринин орун басары Р.Х.Куреши менен жолугушуусу тууралуу

101

2023-жылдын 25-сентябрында Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Пакистан Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жаңы дайындалган орун басары Рахим Хаят Куреши менен жолугушту.

Элчи У.Тотуяев Р.Х.Курешинин кызмат ордуна дайындалышы менен куттуктап, ийгиликтерди жана мындан аркы жемиштүү иш жүргүзүүнү каалады.

Тараптар кыргыз-пакистан эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, анын ичинде ар кандай деңгээлдеги эки тараптуу иш сапарларды даярдоо, быйылкы жылы Соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча Кыргыз-Пакистан өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынын өткөрүү, ошондой эле соода, инвестициялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрүндөгү кызматташтыкты тереңдетүү боюнча пикир алмашышты.

Жакынкы арада Кыргызстан менен Пакистандын Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы кезектеги саясий консультацияларды өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кароону макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK