Кыргызстандын Пакистандагы Элчиси У.Тотуяевдин Исламабад шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын жетекчилиги менен жолугушуусу тууралуу
2023-жылдын 2-октябрында Исламабад шаарында Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Пакистан Ислам Республикасынын Исламабад шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын улук вице-президенти Фаад Вахид менен жолугушту.
Тараптар Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечектүү багыттары боюнча пикир алмашышты.
Ф.Вахид пакистандык бизнестин Кыргызстан менен өз ара аракеттенүүгө болгон кызыгуусунун жогорку деңгээлин белгилеп, 2023-жылдын октябрь айында Исламабад шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын делегациясынын Бишкекке иш сапарын уюштуруу пландаштырылып жатканын билдирди.
Элчи У.Тотуяев эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү максатында тараптардын ишкер чөйрөлөрүнүн ортосунда жемиштүү мамилелерди түзүүгө баардык жактан көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.