Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Элчиси Эрик Бейшембиев Пакистан Улуттук Ассамблеянын Спикери Асад Кайсер менен жолугушуусу өттү

5644

2019 жылдын 22-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Элчиси Эрик Бейшембиев Пакистан Улуттук Ассамблеянын Спикери Асад Кайсер менен жолугушуусу өттү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар парламенттер аралык кызматташтыктын өнүктүрүү, Пакистан Улуттук Ассамблеянын Спикери Асад Кайсердин Кыргызстанга келе жаткан расмий сапары, эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий байланыштарды өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Элчи Э.Бейшембиев, эки өлкө парламенттик республика болуп саналарын эске алып, Кыргыз-Пакистан аралык парламенттик кызматташтыкты өнүктүрүү маанилүү мүмкүнчүлүктүн бар экендигин белгиледи, Кыргызстандын инвестициялык климаты жана экономикалык мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымат берди, Пакистан тарабына Борбор Азияга, ЕАЭБ жана ЕБ рынокторуна продуктуларын өндүрүү жана экспорттоо үчүн биргелешкен ишканаларды түзүү үчүн Кыргызстандын транзиттик жана соода-экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн активдүү колдонуусун сунуштады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK