Кыргыз Республикасынын Исламабад шаарындагы Элчилигинде, Гуджранвала шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын мүчөлөрү үчүн бизнес-брифинг өткөрүлдү.

6368

2020-жылдын 22 январында, соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-пакистандык өкмөттөр аралык комиссиясынын төртүнчү жыйынынын алдында, Кыргыз Республикасынын Исламабад шаарындагы Элчилигинде, Гуджранвала шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын мүчөлөрү үчүн бизнес-брифинг өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө элчи Э.Бейшембиев Кыргыз Республикасынын экспорттук жана салым мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө пакистандык тарабына кенен маалымат берди. Элчи Э.Бейшембиев ЕАЭБ биримдиги алкагында текстилдик азыктарын экспорттоо боюнча Кыргыз Республикасынын абалын алып, ошондой эле көптөгөн органикалык айыл чарба азыктарын экспорттоо боюнча өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрүн өтө белгиледи.

Иш-чаранын жыйынтыгында, Элчи Э.Бейшембиев эки өлкө ортосундагы биргелешкен Бизнес Кенешинин отурумуна катышуу үчүн Пакистан ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрүн  Кыргызстанга чакырды.

Өз кезегинде, Пакистан тарабы эки өлкөнүн ортосундагы ишкер байланыштарды өнүктүрүүгө  даяр экендигин тастыктады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK