Кыргыз Республикасынын 27 жылдык Көз карандысыздыгына карата Элчи Э.Бейшембиевтин айтылган сөзү

8127

Ардактуу министр Нур-Ул-Хак Кадри,

Урматтуу Элчилер,

Айымдар жана мырзалар,

Азиз достор,

Бүгүн биз Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 27-жылдыгын белгилеп жатабыз.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан туруктуу демократиялык жолду жана либералдык экономиканы өнүгүүдө.

1992-жылы Кыргызстандын жана Пакистандын дипломатиялык мамилелерин түзүүдөн кийин, эки өлкө мыкты саясий мамилелерди сактап жатышат, мисалы үүн, эки жолу президенттик алмашуу өттү, Пакистандын өкмөт башчылары Кыргызстанга үч ирет иш сапары менен келишти, Кыргызстандын парламентинин баяндамачылар Пакистанга эки жолу келишти, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Пакистанга расмий иш сапары менен да келди.

Билим берүү чөйрөсүндөгү кызматташтык жигердүү өнүгүп жатат. Бүгүнкү күндө 2 миңден ашык Пакистандык студенттер Кыргызстанда  окуп жатышат, көпчүлүк медициналык жогорку окуу жайларында. Өткөн жылы Кыргызстанда медициналык илимдер боюнча биринчи Кыргыз-Пакистан эл аралык институту өз ишин баштады.

Борбор Азия менен Кытайдын ортосундагы кесилишинде Кыргызстандын геостратегиялык абалы аймактык соода-экономикалык кызматташуу үчүн зор мүмкүнчүлүктөрдү берет.

Мен биргелешип кызматташуу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү иликтөө үчүн пакистандык ишкерлерин биздин Өлкөбүзгө чакырамын.

Ошондой эле, Кыргызстандын кооз тоолорун көрүп келүүгө Пакистандык туристтерин чакырамын. Өлкөбүздө Гималай жана Памирден  кийин дүйнөнүн бийик чокулары бар экенин белгилеп кетейин.

Кыргыз Республикасынын Ысык-Көлү – дүйнөдө, Түштүк Американын Титикака көлүнөн кийин, экинчи орунда турган бийик тоолуу көл болуп саналат.

Ысык-Көлдүн жээгинде 2018-жылдын 2-сентябрында Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары башталып, 8-сентябрда аяктады. Оюндар 80 өлкөдөн келген 2300 спортчунун катышуусу менен өттү, анын ичинде Пакистандан келген спортчулар да мыкты Оюндарга мыкты катышты.

Бүгүн (5-октябрында – ред.) Ысык-Көлдө белгилүү кыргыз жазуучусу Чынгыз Айтматов  эскерүү үчүн, Үчүнчү эл аралык Ысык-Көл форуму өтүп жатат.  Айтматовдун китептери 176 тилге которулуп, 80 миллиондон ашык нуска менен басылып чыкканын белгилеп кетсем да болот.

Кыргызстан 60 өлкө үчүн виза режимин камсыз кылган жана жакында эле "Электрондук Виза" системасын киргизди.

Жыйынтыктап айтканда, ушул мүмкүнчүлүктү пайдаланып, Пакистандын  элине чын жүрөктөн тынчтык жана гүлдөп-өсүүсү үчүн каалоолорумду билдирип кетейин.

Рахмат.

Кыргызстандын жана Пакистандын ортосундагы достукту өнүктүрүүгө жол!»

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK