Көп тараптуу кызматташуу

3503

       Кыргыз-Пакистан көп тараптуу кызматташуусу эки мамлекет мүчө болгон БУУ, ШКУ, ЭКУ жана ИКУ сыяуту эл аралык уюмдардын алкагында өнүгүп жатат.

         2017-жылдын 1-мартында, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри С.Жээнбеков 13-ЭКУ Саммитинин алкагында Пакистанга иш сапары менен барды.

2019-жылдын 22-майында Бишкек шаарында Пакистандын Тышкы иштер министри Махдум Шах Махмуд Куреши ШКУ Тышкы иштер министрлеринин Кеңешинин отурумуна катышты.

         Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министри Имран Хан 2019-жылдын 14-15-июнунда ШКУга мүчө мамлекеттердин мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышуу максатында Кыргыз Республикасында жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбеков менен жолугушту. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу жана көп тараптуу, анын ичинде эл аралык уюмдардын алкагында, эки өлкөнүн кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Пакистандагы Кыргызстандын элчилиги Исламабадда жайгашкан ИКУнун Илимий-техникалык кызматташуу боюнча туруктуу комитетинин жана ЭКУнун Илим фондусунун катчылыктары менен иштешет.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK