Элчи Э.Бейшембиев жана Пакистандын текстилдик ишканалар бирикмесинин (APTMA) аткаруучу директору Шахид Саттар мырза менен жолугушуусу жөнүндө

3466

2020-жылдын 20 октябрнда Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Элчиси Э.Бейшембиев Пакистандын текстилдик ишканалар бирикмесинин (APTMA) аткаруучу директору Шахид Саттар мырза менен жолугушту.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Элчи Э.Бейшембиев биринчи кезекте Пакистан тарапка Кыргыз Республикасындагы учурдагы ички саясий кырдаал жөнүндө маалымат берип, жана азыркы учурда өлкөдөгү кырдаал  турукташканын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин бардык бутактары легитимдүү экенин, ал эми бийликтин аткаруу органдары иштерин штаттык режимде улантып жатканын белгиледи. Мындан тышкары, Элчи Кыргызстандын чет өлкөлүк өнөктөштөрү менен өз ара пайдалуу соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү ырааттуулугун белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар текстиль тармагында кыргыз-пакистан кызматташтыгын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Пакистан тарап Кыргызстандан чийки пахта затын экспорттоого, ошондой эле текстиль өнөр жайында биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгууга кызыктыгын билдирди.

Мындан тышкары, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Иш-чаранын жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосунда түздөн-түз ишкер байланыштарды түзүүгө даяр экендигин ырасташты.

Маалымат үчүн: Пакистан текстиль фабрикалар ассоциациясы (APTMA) текстиль ийрүү, токуу жана курама фабрикалардын улуттук соода бирикмеси.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK