Урматтуу шайлоочулар!

2979

Урматтуу шайлоочулар!

2021-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоосу жана Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдуму өтөт.

Бириккен Араб Эмираттарында добуш берүү эртең мененки саат 08.00ден кечки саат 20.00ге чейин төмөнкү шайлоо участкаларында уюштурулат:

- Дубай шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунда жайгашкан №9044 шайлоо участкасында.

- Абу-Даби шаарындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинде жайгашкан №9051 шайлоо участкасында;

Маанилүү!

Добуш берүүгө консулдук жана биометрикалык каттоосу бар жана шайлоочулардын тизмесине кирген Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алат.

Ушуга байланыштуу өзүңөрдү алдын ала «Тизме» - https://tizme.gov.kg шайлоочулар тизмесинин порталынан текшерип алууга чакырабыз.

Добуш берүү үчүн сөссүз түрдө Кыргыз Республикасынын улуттук паспортторунун (оригинал) бирин көрсөтүү зарыл, алар ички паспорт (ID), жалпы жарандык паспорттор.

Кошумча суроолор боюнча участкалык шайлоо комиссиялардын катчыларына кайрылыңыздар:

1. Карагулов Нурбек – №9051 УШК, Абу-Даби,

тел.: +971505255813

2. Сыдыков Адилет – №9044 УШК, Дубай жана Батыш Эмираттары

тел.: +971561974795

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK