Урматтуу шайлоочулар! 2021-жылдын 28-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоосу өтөт.

2009

Урматтуу шайлоочулар!

2021-жылдын 28-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоосу өтөт.

Бириккен Араб Эмираттарында добуш берүү эртең мененки саат 08.00дон кечки саат 20.00го чейин төмөнкү шайлоо участкаларында уюштурулат:

- Абу-Даби шаарындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинде жайгашкан №9051 шайлоо участкасында;

- Дубай шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунда жайгашкан №9044 шайлоо участкасында.

Маанилүү!

Добуш берүүгө консулдук жана биометрикалык каттоосу бар жана шайлоочулардын тизмесине кирген Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алат.

Ушуга байланыштуу өзүңөрдү алдын ала «Тизме» -https://tizme.gov.kg шайлоочулар тизмесинин порталынан текшерип алууга чакырабыз.

Добуш берүү үчүн сөссүз түрдө Кыргыз Республикасынын улуттук паспортторунун (оригинал) бирин көрсөтүү зарыл, алар ички паспорт (ID), жалпы жарандык паспорттор.

Кошумча суроолор боюнча участкалык шайлоо комиссиялардын катчыларына кайрылыңыздар:

1. Карагулов Нурбек – №9051 УШК, Абу-Даби,

тел.: +971505255813

2. Филаретова Екатерина – №9044 УШК, Дубай жана Батыш Эмираттары

тел.: +9718510366

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK