2022-жылдын 3-июлунда Кыргыз Республикасынын Башкы консулу Тимур Абдижалил экономикалык дипломатияны өнүктүрүү жана КРна чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу максатында 2022-жылдагы Н.М.С. Бириккен индус-мусулман жана христиандардын бириккен уюму уюштурган “Дубай Эл аралык Тынчтык” сыйлыгын тапшыруу аземине катышты.

1232

Болуп өткөн иш-чарада БАЭде акрадитацияланган бир катар Башкы консулдуктар, жыйырмадан ашык өлкөнүн көрүнүктүү ишкерлери жана ишмерлери, анын ичинде Индия жана БАЭнин ишкерлери катары таанымал болгон шейх Жума бин Мактум Аль-Мактумдун жана Шарджа эмири шейх Доктор Султан бин Мухаммад Аль-Касиминин кеңсесинин өкүлдөрү катышты.

Иш чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Башкы консулу Тимур Абдижалил саламдашуу сөзүн сүйлөп жатып, Кыргызстандын кооз табиятын чагылдырган видеотасмасын көргөздү. Андан ары, сөзүн улай чогулгандарга Кыргызстандагы туристик потенциалды жана инвестициалык мүмкүнчүлүктөрдү ошондой эле, чет жактан келип жаткан туристтердин санын көбоөйтүү максатында, тоолуу аймактардагы туристтик объектилерди куруу боюнча биргелешкен ишканаларды жана мейманканаларды ачууга чакырып кетти. Мындан тышкары, Индиянын компаниялары менен биргеликте Кыргыз Республикасынын кино тармагына продюсерлердин келишин уюштуруу жана “Балливуд” үчүн Кыргызстандын тоолорунда популярдуу кинолорду тартууну сунуштады.

Маалымат үчүн: Н.М.С. Бириккен индус-мусулман жана христиандардын бириккен уюму, 2011-жылы Индияда негизделген, анын максаты дүйнөдөгү тынчтыкты, кызматташтыкты жана биримдикти өнүктүрүү. Бул уюмдун мүчөлөрү Индиянын көрүнүктүү ишмерлери, саясатчылары жана ишкерлери, ошондой эле БАЭде иштеген Индиялык ишкерлер www.hmcunited.net.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK