Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары!

3352

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары!

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 12-мартындагы №31 Мыйзамы менен 2021-жылдын 11-апрелинде “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүү) дайындалды.

Жарандарыбыз өзүнүн добуш берүү укугун референдумда ишке ашырышы үчүн:

- Кыргыз Республикасынын Абу-Даби шаарындагы Элчилигинин имаратында №9051 жана

- Дубай шаарындагы Башкы консулдугунун имаратында №9044 шайлоо участкалары бекитилди.

Биометрикалык маалыматтарын тапшырган жана чет өлкөлөрдө консулдук каттоодо турган жарандар тиешелүү участокто шайлоочулардын тизмесине автоматтык түрдө кошулат.

Шайлоочулар өздөрүн https://tizme.gov.kg/ расмий сайтынан текшерсе болот.

Эгерде аталган алдын ала тизмеде шайлоочу өзүн таппаса, анда, консулдук каттоого же жашап жаткан эмиратка жараша, Кыргыз Республикасынын Элчилигине же Башкы консулдугуна кайрылса болот.

Көӊүл буруӊуздар, акыркы каттоо күнү 2021-ж. 27-март.

Шайлоочулардын тизмесине кириш үчүн консулдук жана биометрикалык каттоолордун болушу зарыл. Жок болгон учурда, аталган каттоо кызматтары, Элчилик жана Башкы консулдук тараптан бекер негизде көрсөтүлөт.

Кошумча суроолор боюнча участкалык шайлоо комиссиялардын катчыларына кайрылыңыздар:

1. Карагулов Нурбек – №9051 УШК, Абу-Даби,

тел.: +971505255813

shailoo.abudhabi2021@gmail.com

2. Сыдыков Адилет – №9044 УШК, Дубай жана Батыш Эмираттары

тел.: +971561974795

shailoo.dubai2021@gmail.com

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK