Урматтуу мекендештер!

2546

Урматтуу мекендештер!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майында кабыл алынган № 188 «2021-жылдын май айындагы дем алыш күнүн которуу жөнүндө» токтомуна ылайык, 2021-жылдын 10-майындагы эс алуу күнү 2021-жылдын 30-августунун жумуш күнүнө жылдырылганын билдиребиз. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин №113 "Дем алыш майрам күндөрү" беренесине ылайык 31-август-«Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү» - дем алыш күн болуп бекитилген.

Ошентип, 2021-жылдын 30-31-августу, дем алыш күндөрү деп жарыяланган, ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугу бул күндөрү жарандарды кабыл албайт.

Учурдан пайдаланып, сиздерди Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктайбыз!

Кыргыз Республикасынын

Дубай ш. Башкы консулдугу

+971 50 81 72 056

+971 50 85 10 366

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK