2022-жылдын 20-февралында Башкы консул Тимур Абдижалил «Air Arabia» авиакомпаниясынын жетекчилиги жана Шарджа эл аралык аэропортунун авиациялык бийлик өкүлдөрү менен биргеликте «Шарджа эмираты – Ош шаары» боюнча жаңы рейсти расмий түрдө ачты.
![](/uploads/content/17009/5a132d91-6e7d-3e46-be16-a5391ad6997a.jpg)
2022-жылдын 20-февралында Башкы консул Тимур Абдижалил
«Air Arabia» авиакомпаниясынын жетекчилиги жана Шарджа эл аралык аэропортунун авиациялык бийлик өкүлдөрү менен биргеликте «Шарджа эмираты – Ош шаары» боюнча жаңы рейсти расмий түрдө ачты.
Иш-чаранын жүрүшүндө жайкысын «Ысык-Көл» эл аралык аэропортуна (Тамчы айылы) кошумча туристтик аба каттамдарын ачуу, ошондой эле Абу-Даби эмиратынан Кыргызстанга авиакаттамды ачуу маселелери талкууланды.
Маалымат үчүн: “Шарджа Эмираты – Ош шаары” багыты боюнча аба каттамы жумасына 4 жолу төмөнкү каттам боюнча ишке ашырылат:
1. Шарджа (учуу убактысы 21:45) - Ош (конуу убактысы 03:15)
Учуу күндөрү: Жума, Ишемби.
2. Ош (учуу убактысы 04:25 ч.) - Шарджа (конуу убактысы 06:25)
Учуу күндөрү: дүйшөмбү, ишемби.