2022-жылдын 24-майында Башкы консулдук Кыргызстандын “Куткелди фильмс” киностудиясы менен биргеликте БАЭнин Дубай шаарында “Kaganat production” чыгарган “Баатыр баяны” (144,0 Бийиктиги) толук метраждуу даректүү тасмасын көрсөтүүнү уюштурду.

1681

Кыргыз Республикасынын Башкы консулу Тимур Абдижалил Советтер Союзунун Баатыры, Ош облусунун Сузак районунун тургуну Тукубай Тайгараевге арналган көркөм-документалдуу тасманын бет ачарын расмий жарыялап, КРнын белгилүү продюсери, жазуучу жана режиссеру Абдиш Алчиевди салтанаттуу түрдө тосуп алып, бул тасма Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарынан тышкары 6 өлкөдө көрсөтүлүп жатканын белгиледи.

Кино көрүү залына чогулган мекендештер бул тасманы көрүүнү уюштургандыктары үчүн ыраазычылыктарын билдиришип, бул көрсөтүү мекенине болгон патриоттук сезимди жаратаарын белгилешти жана мындан аркы чыгармачылык ийгиликтерди каалашты.

Көрсөтүүдөн кийин кинорежиссер Абдиш Алчиев тасманы тартуу жана анын үстүндө иштөө боюнча кеңири маалымат берип жатып бул кино жакынкы аралыкта БАЭде кеңири аудиторияга тартууланат деген ишенимин билдирди.

  • 2022-жылдын 24-майында Башкы консулдук Кыргызстандын “Куткелди фильмс” киностудиясы менен биргеликте БАЭнин Дубай шаарында “Kaganat production” чыгарган “Баатыр баяны” (144,0 Бийиктиги) толук метраждуу даректүү тасмасын көрсөтүүнү уюштурду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK