Саламатсыңарбы Урматтуу Кыргызстандыктар, Кымбаттуу Мекендештер! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Дубай жана Түндүк Эмираттардагы Башкы консулдугун жалпы жамаатынан жана жеке өзүмдүн атынан 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүлүк Күңү менен чын жүрөктөн куттуктайм.

2017

Саламатсыңарбы Урматтуу Кыргызстандыктар,

Кымбаттуу Мекендештер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Дубай жана Түндүк Эмираттардагы Башкы консулдугун жалпы жамаатынан жана жеке өзүмдүн атынан 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүлүк Күңү менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Өлкөбүздүн өнүгүүсүнө тышкы саясий багыттагы жүргүзүп жаткан аракеттерибиз жигердүү ишке ашып, мамлекетибиздин эл аралык аянтта кадырбаркы арта берсин. Ар дайым элибизде, жерибизде тынчтык, аманчылык жана ынтымак менен биримдик болсун.

Учурдан пайдаланып, Сиздерге кымбаттуу Мекендештер чың ден-соолук, узун өмүр жана жоопту ишиңиздерге көптөгөн албан ийгиликтерди каалайм.

Кыргызстаныбызда ар дайым жакшылыктар болсун жана жакшылыкта көрүшөйлү!

Урматтоо менен,

Башкы консул Тимур Абдижалил

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK