2023-жылдын 2-апрелинде Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугу БАЭде жашап, иштеп жаткан мекендештер менен биргеликте «Ифтар» уюштуруп, өткөрүштү.

108

2023-жылдын 2-апрелинде Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугу БАЭде жашап, иштеп жаткан мекендештер менен биргеликте «Ифтар» уюштуруп, өткөрүштү.

Куттуктоо сөзүндө Башкы консул Тимур Абдижалил чогулгандарды ыйык Рамазан айы менен куттуктап, мындай иш-чараларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, мындан ары да чет өлкөлөрдө жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын ортосундагы достук жана биримдиктин чыңдалышына тилектеш экендигин билдирди.

Дубайдын "Заабиль" паркында улуттук даамдар жана спорттук программалар менен салтка айланган жолугушуу болуп, анда маданият, туризм, спорт жана ишкердик сыяктуу тармактарда өкүлчүлүк кылган мекендештердин жетишкендиктери белгиленди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK