2023-жылдын 10-майында Кыргыз Республикасынын Дубай жана Түндүк Эмираттардагы Башкы консулу Тимур Абдижалил Дубай шаарынын Башкы прокурорунун кеңешчиси Юсуф Хасан Аль-Мутава мырза жана Дубай шаарынын Башкы прокурорунун Аппарат жетекчиси Мустафа Абдурахман Аль-Шахин мырза менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Дубай шаарында Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелери талкууланып, Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугу менен Дубай шаарынын прокуратурасынын ортосундагы консулдук-укуктук маселелер боюнча кызматташууну жана координацияны күчөтүү боюнча макулдашууга жетишилди.