Урматтуу Мекендештер! Кыргыз Республикасынын Дубай жана Түндүк Эмираттардагы Башкы консулдугунун жана жеке өзүмдүн атыман Сиздерди келе жаткан Жаңы 2024-жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!

129

Урматтуу Мекендештер!

Кыргыз Республикасынын Дубай жана Түндүк Эмираттардагы Башкы консулдугунун жана жеке өзүмдүн атыман Сиздерди келе жаткан Жаңы 2024-жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Учурдан пайдаланып, Сиздерге, жакындарыңыздарга чың ден соолук, узун өмүр, бакыт-таалай, бакубатчылык, тынчтык жана амандык каалайм!

Келе жаткан Жаңы жылыбыз куттуу жана ийгиликтүү болуп, жалпы элибизге береке, туруктуулук, бакубатчылык алып келсин!

Ошондой эле, жаңы бийиктиктерди багындырып, албан жетишкендиктерге жетүүңүздөргө тилектешмин!

Элибизде ынтымак, жергебизде кут, өлкөбүздө өсүп өнүгүү болсун!

Урматтоо жана жагымдуу маанай каалоо менен,

Башкы консул Тимур Абдижалил

  • Урматтуу Мекендештер!

Кыргыз Республикасынын Дубай жана Түндүк Эмираттардагы Башкы консулдугунун жана жеке өзүмдүн атыман Сиздерди келе жаткан Жаңы 2024-жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!
  • Урматтуу Мекендештер!

Кыргыз Республикасынын Дубай жана Түндүк Эмираттардагы Башкы консулдугунун жана жеке өзүмдүн атыман Сиздерди келе жаткан Жаңы 2024-жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK