Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген шайлоону өткөрүү максатында

4401

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген шайлоону өткөрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Дубай шаарындагы Башкы Консулдугу уюштурган иш-чаралардын алкагында сиздерге төмөнкүлөрдү билдиребиз:

1. Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерлерде жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары, өтө турган парламенттик шайлоого катышуу үчүн консулдук каттоого туруп, биометрикалык каттоодон өтүүсү зарыл.

Мурда биометрикалык каттоодон өтпөгөн Кыргыз Республикасынын жарандары биометрикалык маалыматтарын Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине жөнөтө алышат.

Кыргыз Республикасынын жарандары консулдук каттоого жеке кайрылуу аркылуу жана аралыктан каттала алышат.

Консулдук каттоодон өтүү үчүн жеке кайрылган учурда Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспорту жана каттоо карточкасын сүрөтү менен берүү керек.

Аралыктан консулдук каттоодон өтүү үчүн Кыргыз Республикасынын жарандары жогоруда аталган документтердин тизмесин сканерленген формада (түстүү сүрөт электрондук түрдө берилет) Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин тиешелүү электрондук дарегине жөнөтүүгө укуктуу (shailoo.dubai2020@gmail.com).

Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын жарандары жогоруда аталган каттоо картасынын электрондук версиясын Дубай шаарындагы Башкы Консулдугунун расмий веб-сайтынан жүктөө аркылуу толтурушат (шилтеме: http://www.kyrgyzconsuae.org/rus/vop/uchet/index.php).

2. Консулдук каттоодо турган жана 2020-жылдын 15-июлуна чейин биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары шайлоочулардын алдын ала тизмесине автоматтык түрдө киргизилет.

Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн биометрикалык каттоо:

 

Чет өлкөдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн консулдук эсепке алуу:

 

Чет өлкөдөгү Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн добуш берүү:

 

2020-жылдын октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун жүрүшүндѳ чет ѳлкѳлѳрдѳ убактылуу жашап жаткан же жүргѳн Кыргыз Республикасынын жарандарынын катышуусунун шарттары жана ѳзгѳчѳлүктѳрү тууралуу маалымат:

 

Добуш сатып алууга каршы (сурдокотормо менен):

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK