Кымбаттуу мекендештер! Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоого катышууга документ (Форма№2) тапшыруу 19 сентябрга чейин чектелген.

3855

Кымбаттуу мекендештер!

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоого катышууга документ (Форма№2) тапшыруу 19 сентябрга чейин чектелген.

Документтерди кабыл алуу жана жарандардын ынгайлуулугу үчүн Дубай шаарындагы Башкы Консулдук жума жана ишемби (18 жана 19 сентябр) күндөру кошумча иштейт.

Өзүнүз боюнча маалыматты онлайн портал https://tizme.gov.kg/ аркылуу текшерип алышыныздарды өтүнөбуз.

Бириккен Араб Эмираттарынында жашаган, жана консулдук каттоодо турган Кыргыз Республикасынын жарандары добуш берүүсү үчүн эки шайлоо участогу ачылган.

Эгерде, издөө учурунда өзүнүздү башка шайлоо участогунда тапсаныз, ушул жылдын 19-сентябрына чейин (арыз берүүнүн акыркы күнү) Башкы консулдука кайрылып, консулдук каттого туруп (акысыз), жана форма №2 (http://kyrgyzconsuae.org/shailoo2020/Form2.pdf) толтуруп кетүүнүздү суранабыз.

Бириккен Араб Эмираттарында эки шайлоо участкасы ачылган:

1. Абу-Даби шаарында - Кыргыз Республикасынын Элчилигинин имаратында №9051 шайлоо участогу.

2. Дубай шаарында - Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун имаратында №9044 шайлоо участогу.

Консулдук каттоого жараша, Абу-Даби эмиратында жашаган жарандар Элчиликте, ал эми Дубай жана түндүк эмираттарда жашаган жарандар Башкы консулдуктун имаратына келип өз шайлоо укугун ишке ашырууга укуктуу.

Өтө маанилүү:

2020 жылдын 4 октябрында өтө турган шайлоого катышуу үчүн, жарандардын жогоруда белгиленген шайлоо участокторунда катталып, КОНСУЛДУК жана БИОМЕТРИКАЛЫК каттоосу болушу зарыл.

Кошумча маалыматтар үчүн участкалык шайлоо комиссияларынын катчыларына кайрылыңыздар:

1. Карагулов Нурбек - Абу-Даби,

тел.: +971 505 25 58 13

Е-мейл.: shailoo.abudhabi2020@gmail.com

2. Сыдыков Адилет, Дубай жана түндүк эмираттар

тел.: +971 561 974 795

Е-мейл.: shailoo.dubai2020@gmail.com

3.Таланбек Зулпукаров, Дубай жана түндүк эмираттар

тел.:+971 566 929 253

Е-мейл.: shailoo.dubai2020@gmail.com

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK