Урматтуу мекендештер! 2020-жылдын 4-октябрында өтө турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого аз убакыт калды. Бул себептен, Бириккен Араб Эмираттарында жашап жаткан жарандарыбыздын аты-жөнүн дагы бир ирет онлайн портал https://tizme.gov.kg/ аркылуу шайлоочулардын тизмесинен текшерип чыгууга чакырабыз.

3353

Урматтуу мекендештер!

2020-жылдын 4-октябрында өтө турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого аз убакыт калды. Бул себептен, Бириккен Араб Эмираттарында жашап жаткан жарандарыбыздын аты-жөнүн дагы бир ирет онлайн портал https://tizme.gov.kg/ аркылуу шайлоочулардын тизмесинен текшерип чыгууга чакырабыз.

Эгерде, издөө учурунда өзүнүздү башка шайлоо участогунда тапсаныз, ушул жылдын 19-сентябрына чейин (арыз берүүнүн акыркы күнү) Башкы консулдука кайрылып, консулдук каттого туруп (акысыз), жана форма №2 (http://kyrgyzconsuae.org/shailoo2020/Form2.pdf) толтуруп кетүүнүздү суранабыз.

Бириккен Араб Эмираттарында эки шайлоо участкасы ачылган:

1. Абу-Даби шаарында - Кыргыз Республикасынын Элчилигинин имаратында №9051 шайлоо участогу.

2. Дубай шаарында - Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун имаратында №9044 шайлоо участогу.

Консулдук каттоого жараша, Абу-Даби эмиратында жашаган жарандар Элчиликте, ал эми Дубай жана түндүк эмираттарда жашаган жарандар Башкы консулдуктун имаратына келип өз шайлоо укугун ишке ашырууга укуктуу.

Өтө маанилүү:

Шайлоого катышуу үчүн, жарандардын жогоруда белгиленген шайлоо участокторунда катталып, КОНСУЛДУК жана БИОМЕТРИКАЛЫК каттоосу болушу зарыл.

Кошумча маалыматтар үчүн участкалык шайлоо комиссияларынын катчыларына кайрылыңыздар:

1. Карагулов Нурбек - Абу-Даби,

тел.: +971 505 25 58 13

Е-мейл.: shailoo.abudhabi2020@gmail.com

2. Сыдыков Адилет, Дубай жана түндүк эмираттар

тел.: +971 561 974 795

Е-мейл.: shailoo.dubai2020@gmail.com

3.Таланбек Зулпукаров, Дубай жана түндүк эмираттар

тел.:+971 566 929 253

Е-мейл.: shailoo.dubai2020@gmail.com

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK