Кыргыз коомдук диаспоралык уюмдарынын активисттеринин катышуусу менен болгон жолугушуу жөнүндө

1705

2021-жылдын 23-сентябрында Екатеринбург шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунда Свердлов облусундагы кыргыз коомдук диаспора уюмдарынын активисттеринин, ошондой эле консулдук мекеменин кызматкерлеринин катышуусунда жолугушуу болуп өттү.

Консул Ч.Аджиматова жолугушуунун катышуучуларына 2021-жылдын 29-августундагы «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын жарандарынын добуш берүү укуктарын 2021-жылдын 28-ноябрында жүзөгө ашыруу максатында Башкы консулдукта шайлоо участогу түзүлгөндүгү тууралу маалымат берди.

Ч.Аджиматова Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасында консулдук каттоого туруу, шайлоочулардын тизмесинен өздөрүн тактоо, биометрикалык белгилерин тапшырбаган жарандар биометрикалык каттоодон өтүү боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерине мекендештерди активдүү катышууга  чакырды.

Ошондой эле, Башкы консулдуктун кызматкерлери, 2021-жылдын 30-сентябрына чейин, Россия Федерациясынын аймагында эмгектенип/жашап жүргөн мекендештер өздөрүн болуу абалын мыйзамдаштырууга багытталган иш-чараларды бүтүрүү зарылдыгы жөнүндө түшүндүрүү иштерин улантууну суранышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK