А.С. Пушкин атындагы Эл аралык фестивалдын гала-концертине Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун консулунун катышуусу жөнүндө пресс-релизи

1183

2022-жылдын 12-июнунда Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун консулу Танирбай уулу Санжарбек «Синара» концерттик залында улуу орус акыны Александр Сергеевич Пушкиндин чыгармачылыгына жана туулган күнүнө арналган музыкалык гала-концертке катышты.

Гала-концерттин катышуучуларын Танирбай уулу С., Свердлов облосунун маданият Министринин милдетин аткаруучу Прыткова Ю.В. жана билим берүү жана жаштар саясаты Министрлигинин Свердлов облусунун жаштар саясаты башкармалыгынын директорунун милдетин аткаруучу Котлярова О.И. тосуп алышып, аларды “Россиянын күнү” менен куттукташты. Ошону менен бирге Эл аралык фестивалдын финалисттерин сыйлоо аземине да катышышты.

2021-жылдын сентябрынан бери бул Эл аралык фестивалга дүйнөнүн 22 өлкөсүнөн 1400дөн ашык адам катышып, алардын ичинен Кыргызстандын өкүлү Алымкулова Махабат Алматовна үчүнчү орунду ээледи.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK