Башкы консулу Б. Салимжановдун Башкортостан Республикасынын Челябинск шаарындагы Өкүлү А.Г.Хабибулин менен жолугушуусу туурлалуу пресс-релиз

5354

2019-жылдын 8-августунда Кыргыз Республикаснын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Б. Салимжановдун Башкортостан Республикасынын Челябинск шаарындагы өкүлү А.Г.Хабибулин менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптардын соода-экономикалык байланыштарына байланыштуу суроолор талкууланды. Маектешүү ичинде Б.Салимжанов Кыргыз Республикасынын өндүрүш ишканаларын жана жеке чакан компанияларын, алардын  продукцияларынын аталыштарын, көлөмүн камтыган маалымат тизмеси менен башкр тарапты тааныштырып өттү.

Ошондой эле, Б. Салимжанов 2017-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги менен кызматташып келаткан «Продмассив Сибирь» (Новосибирск.ш., Россия Федерациясы) ишканасы аркылуу Кыргызстанда өндүрүлгөн  түстүү форель балыгын экспорттоо боюнча сунушу тууралуу маалымат берди.

         Жолугушуунун соңунда тараптар мындан аркы кызматташууга, өз ара мамилелерди илгерилетүүгө жана биргелешкен пландарды ишке ашырууга даярдыгын билдиришти.

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK