2021-жылдын 13-августундагы Пресс-релизы

2417

Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы консул Чолпонай Аджиматова жана Нарын облусунун Кочкор районунун акими Курбанбек Камчыев Свердлов облусунун Эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар министрлигинин чакыруусу менен Екатеринбург шаарына келип, 2021-жылдын 13-августунда «Бүткүл россиялык талаа күнү – 2021» Агро өнөр жай көргөзмөсүнө катышышты.

Агро өнөр жай көргөзмөсү 2021-жылдын 12-14-августуна чейин Свердлов облусунун аймагындагы талаа шартында өткөрүлүүдө. Көргөзмөдө айыл чарба техникасынын жана жабдууларынын жаңы түрлөрү, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн ар кандай сорттору көрсөтүлдү.

Көргөзмө Россия Федерациясынын Айыл чарба министрлиги менен Свердлов облусунун Агро өнөр жай комплекси жана керектөө рыногу министрлиги тарабынан уюштурулган. Иш-чаранын алкагында ишкер программалары өтүп, анда көргөзмөнүн катышуучулары агро өнөр жай комплексинин өнүгүү келечегин жана маселелерин талкуулашты.

Кыргызстандын өкүлү техниканын заманбап моделдери, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн селекциясы жаатындагы жетишкендиктер менен таанышып, мындан ары өз ара аракеттенүү максатында көргөзмөнүн катышуучулары менен байланыштары түзүлдү.

Ошол эле күнү Екатеринбургда Ч.Аджиматова жана К.Камчиев Свердлов облусунун эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар министринин орун басары Людмила Берг менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө региондор аралык кыргыз-орус кызматташтыгынын маселелери талкууланды, К.Камчиев чакыруу үчүн ыраазычылыгын билдирип, биргелешкен иштерди активдештирүү максатында, Свердлов облусунун райондорунун бирөө менен достошуу боюнча Макулдашуунун/Меморандумдун долбооруна кол коюуну биргеликте иштеп чыгууну сунуштады.

Жолугушуу жылуу жана достук маанайда өттү.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK