2021-жылдын 21-майындагы пресс-релиз

2469

 

Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Руслан Бийбосунов кыргызтандык мекендештер менен биргеликте, Тынчтык бакчасы өнөктүгүнүн алкагында 2021-жылдын 21-майында уюштурулган Свердлов облусунун борборундагы «Элдердин достугу» («Дружбы народов») сейил багына көчөттөрдү отургузууга катышты.

Бул акция БУУнун Башкы Ассамблеясы жарыялаган Бүткүл дүйнөлүк диалог жана өнүгүү үчүн маданий ар түрдүүлүк күнүнө арналган. Ушул датага байланыштуу Екатеринбург шаарындагы «Элдердин достугу» паркында белгилүү акын Муса Жалилдин эстелигинин биринчи ташы коюлуп, «Дүйнө элдеринин поэзиясы» марафону өткөрүлдү.

Бул иш-чараларга Свердлов облусунун мамлекеттик органдарынын, чет мамлекеттердин консулдук мекемелеринин, облустун улуттук-маданий бирикмелеринин өкүлдөрү, маданият жана билим берүү ишмерлери катышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK