Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30-жылдыгына карата Екатеринбург шаарында мекендештердин арасында волейбол боюнча мелдеш уюштурулду

1912

2021-жылдын 28-августунда Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун колдоосу менен «Кыргызстан-Урал» кыргыз диаспорасы тарабынан уюштурулган мекендештердин арасында волейбол боюнча мелдештин салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Эркектер жана аялдар командаларынын арасындагы мелдеш Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоонун урматына өткөрүлүүдө.

Мелдештин катышуучуларын жана конокторун Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен Башкы консул Руслан Бийбосунов куттуктады. Ал эми турнирдин уюштуруучуларына ыраазычылыгын билдирип, спорттук командаларга адилеттүү жана кызыктуу оюнду каалады.

Иш-чаранын коноктору Свердлов облусунун Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Валентин Лаппо жана Екатеринбург шаарынын Железнодорожный районунун акиминин орун басары Лилия Белоблоцкая турнирдин катышуучуларын жана уюштуруучуларын Кыргызстандын мамлекеттик майрамы менен жылуу куттуктап, кыргыз элине тынчтык жана ѳнүгүү каалашты.

Турнирдин ачылышында мекендештердин арасынан чыгармачыл топтордун жана аткаруучулардын катышуусунда концерттик программа тартууланды.

Волейбол боюнча мелдешке 20 эркек жана 8 аялдар командаларынан турган топтордун арасында ѳтүүдѳ, ал эми турнирдин жеңүүчүлөрү кубок, медаль жана дипломдор менен сыйланышат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK